«BIZON» - МЕДИА ПОРТАЛ
321 subscribers
12.3K photos
4.17K videos
6.36K links
加入频道
"Шыпаакана" деп өзгөртпөйлүбү? Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында депутат, «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков ооруканаларды "шыпаакана" деп өзгөртүүнү сунуштады.

Анын айтымында, оорукана деген сөздө “оору” деген түшүнүк калыптанган.

“Оорукананын аталышын “шыпаакана” деп өзгөртүүнү сунуштайм. Анткени оорукана деген сөздө “оору” деген түшүнүк калыптанган. Ал эми “шыпаа” деген сөздө айыгуу деген сөздүн энергиясы бар”,- деген Кадырбеков.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукана деген сөз кыргыз тилине сиңип калганын билдирип, Кадырбековдун сунушун карап чыга турганын айта кетти.


Мындан башка жаңылыктарды төмөнкү шилтемелерден окуй аласыздар:
↘️Facebook - fb.com/bizon.kgz
↘️Instagram instagram.com/bizon.kgz
↘️Twitter - twitter.com/bizon_kgz
↘️Telegram - t.me/bizon_kgz
↘️Youtube - youtube.com/c/BizonKGZ
↘️Сайт - bizon.kg

#bizon #bizonnews #жанылыктар #BIZONMEDIA #НуржигитКадырбеков #шыпаакана #ЖК #депутат