Штаб КР по COVID-19
7.28K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
加入频道
№3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун отоларинголог дарыгери Майрам Жумалиева калк кандай белгилер менен көп кайрылып жатканы тууралуу айтып берди.

«Бүгүнкү күндө илдетти, анын ичинде омикронду жугузгандардын саны өсүүдө. Омикрон штаммы тез таралышы менен айырмаланары белгилүү. Эгерде үй-бүлөдө бир адам ооруса, анда вирус үйдөгүлөрдүн дээрлик бардыгына жугат.

Көбүнчө катуу тамак оору, тамактын кычышуусу, тамактын кургоосу, кургак жөтөл, муундардын катуу оорушу, баш жана белдин оорусун айтышууда.

Өз алдынча дарыланууга болбойт, бул белгилердин баарына ооруну басаңдатуучу дары жардам бербейт. Бардык эле адамдардын дене табы көтөрүлгөн жок, бирок начар интоксикация жүрүүдө.
Эгерде дене табыңыз көтөрүлсө, аны түшүрүүгө же антибиотиктерди ичүүгө шашылбаңыз. Бул туура эмес. Анткени вирус сиздин организмге киргенде организм дене табынын көтөрүлүшү же лимфа түйүндөрүнүн кеңейиши аркылуу коргоно баштайт. Бул туура реакция болуп саналат», - отоларинголог (кулак-мурун) дарыгер М. Жумалиева.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#дарыгердинкеңеши
#туурадарылануу
Кулак-мурун дарыгеринин сунуштамалары: эмне кылуу керек?

Антибиотиктер менен дарыланбаңыздар. Вирусту жеңүү үчүн белгилери боюнча дарыланууну баштоо керек.

Мисалы, мурун бүтсө, азыраак туздун аралашмасын даярдап, мурунду жууш керек.

Тамак үчүн сода аралашмасын, чөптөрдүн кайнатмаларын (календула, ромашка) колдонууга же алардын аралашмасын жасап чайкоого болот (1 аш кашык чөпкө 1 стакан кайнак суу куюп, демдеп, 5-10 мүнөттөн кийин чыпкалап, жылуу аралашма менен күнүнө 3-4 жолу тамакты чайкап туруу). Бирок бирөөнү гана пайдалануу керек.

Кайнатмаларды алмак-салмак пайдаланбаш керек. Пайдалануу алдында чөптүн жарактуулук мезгилин сөзсүз караңыз. Ошондой эле фурацилинди (майдаланган же 1-2 таблетка) 200 мл кайнатып муздатылган сууга эритип колдонууга болот.

Тамактын кургак болушу жана кычышуусу жутуу учурунда катуу оорутушу мүмкүн, ошондуктан ооруну басуучу таблеткаларды же спрейлерди колдонууга болот.

❗️Сөзсүз түрдө дарыгерден кеңешин алыңыз.

Белгилей кетсек, омикрондо муундар катуу ооруйт.

Интоксикация узакка созулат, кээде бул антибиотиктерди ичүүгө байланыштуу. Эгерде дене табы 3-4 күн бою түшпөсө жана кармалып турса, абал начарласа, дароо дарыгерге кайрылып, туура дарылоону баштоо зарыл.

Суюктукту көп ичүү (дененин 1 кг салмагына 30 мл), ооруп жаткан тамакты жабыркатып албаш үчүн өтө ысыкты ичпеңиздер.

Жатпаңыздар, анткени кыймыл аз болуп, жатып алганыбызда жана сууну аз ичкенибизде туруп калуу процесси жүрөт – бул жаман. Кыймылдуу болуу керек.

❗️Жаңы “омикрон” штаммынын жогорку жугуштуулугун түшүнүү абдан маанилүү, ошондуктан алдын алуу чараларын сактоо керек – бул коомдук жайларда маска тагынуу, колду таза жууп жүрүү жана албетте эмдөөдөн өтүү!

Жөнөкөй эле коопсуздук чараларын сактоо менен Сиз өзүңүздүн гана эмес, жакындарыңыздын да коопсуздугун камсыздап жатканыңызды унутпаңыз.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#дарыгердинкеңеши
#туурадарылануу