Штаб КР по COVID-19
7.28K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
加入频道
Кыргызстанда COVID-19 жөнүндө жүрүм-турумдук изилдөө жүргүзүлдү. 2022-жылдын 11-февралынан 21-февралына чейин 18тен 74 жашка чейинки курактагы КР жарандарынын арасында изилдөө жүргүзүлгөн. Жалпысынан сурамжылоого 1200 адам катышкан.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча медициналык сабаттуулуктун жалпы деңгээли 2021-жылдын мартынан бери бардык көрсөткүчтөр боюнча бир кыйла жогорулаган. Медициналык адистер эң ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда жана ишеним деңгээли өстү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзүнө жана ооруканаларга ишеним деңгээли да жогорулады. Ал эми маалыматты колдонуу пандемия учурунда абдан туруктуу бойдон калды. Жалпы абалдын деңгээли бир кыйла туруктуу бойдон калууда, бирок калктын көпчүлүгү COVID-19дун келечектеги экономикалык кесепеттерине кооптонушат.

Коронавирустук инфекция жана эмдөө маселелери боюнча маалымат актуалдуу бойдон калууда. Ошентип, 2021-жылдан бери 30% вирус тууралуу маалыматты издешет. Эмдөөнүн практикалык маселелери адамдарды абдан кызыктырат.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#изилдөө
#вакцина
Эмдөө тууралуу: изилдөөнүн жыйынтыктары

Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, респонденттердин 40% эмдөөнүн толук курсун алышса (2022-ж. март), 6% вакцинанын бир дозасын алышкан. Ошол эле учурда 18-29 жаштагы жигиттер ушул жаш курактагы кыз-келиндерге караганда көбүрөөк эмдөөдөн өтүшкөн. Көпчүлүк адамдар үчүн эмдөө алуу чечимин кабыл алууга вакциналардын натыйжалуулугу жана түрү таасир берген.


Калк арасында эмдөө боюнча терс көз караштардын деңгээли азайып баратканы белгиленет. Бирок респонденттердин 19% баштагыдай эле эмдөөгө даяр эмес.
Изилдөөдө эмдөөдөн өтпөгөн адамдар эки категорияга бөлүнгөн: эмделүүгө ниети жогору болгондор жана эмделүү ниети төмөн адамдар. Эмдөөдөн өтүүгө шашылбагандарга салыштырмалуу, эмдөө жасатуу ниети күчтүү адамдар тобокелдиктер жана натыйжалуулук жөнүндө эң көп кабатырланышат. Алардын олуттуу бөлүгү эмдөөдөн кийинки мүмкүн болуучу кыйыр таасирлерден да тынчсызданышат.

Эмделбегендер арасын «Спутник» эң ишенимдүү вакцина болуп саналат, бирок көпчүлүк «Джонсон & Джонсон», «Синофарм», «Синовак», «Модерна» жана «АстраЗенека» сыяктуу өндүрүүчүлөргө ишенбейт.

Каалоосу жогору болгон адамдар эмдөө COVID-19дун жайылышын көзөмөлдөөгө жардам берет жана алардын ден соолугу үчүн маанилүү деп эсептешет. Алар ошондой эле пландык иммундоону да колдошот. Ал эми эмдөө алуу ниети эң төмөн адамдар бул пикирге кошулушпайт. Ошол эле учурда эмдөөгө ниети төмөн адамдардын жарымына жакыны алар үчүн вакцинаны алуунун практикалык маселелери маанилүү экенин айтышкан.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#изилдөө
#вакцина