Штаб КР по COVID-19
7.28K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
加入频道
Кыргызстан USAIDден COVID-19га каршы күрөшүүгө колдоо иретинде 31 миллион сомго медициналык жабдууларды алат

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы күрөшүүгө колдоо иретинде кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдууларды берип жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өткөн расмий тапшыруу аземинде белгилүү болду.

Баасы 31 миллион сомдук жабдуулар USAIDдин пандемияга каршы күрөшүү чараларын колдоосунун алкагында бүткүл өлкө боюнча мекемелер арасында бөлүштүрүлөт.

Буга чейин USAID КР ССМ Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине GeneXpert заманбап диагностикалык жабдуусун берген, ал COVID-19ду тестирлөө убактысын 5 сааттан 40 мүнөткө чейин кыскартат. Бул технология COVID-19ду гана эмес, кургак учук сыяктуу башка дагы инфекцияларды так аныктоого шарт түзөт.

Мындан тышкары Департамент видеоконференц-байланыш системасын жана компьютерлерди алды, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды кыйла натыйжалуу көзөмөлдөөнү шарттайт.⠀

«Пандемия өлкө COVID-19 оорусунун кескин өсүшүнө даяр болушу керектигин көрсөттү. Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болууда, ошондуктан ооруканаларды жана башка медициналык мекемелерди жабдуудагы USAID жардамы өтө маанилүү», — деди КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Чүй облустук ооруканасы, Улуттук госпиталь жана Ош шаардык клиникалык ооруканасы дагы ар түрдүү жабдууларды, анын ичинде көчмө рентгент-жабдуу, видеобронхоскоп, дезинфекциолык камераларды жана сынамдарды ташуу үчүн контейнерлерди алышат.

Жардам USAIDдин саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугун бекемдөө боюнча программасынын алкагында көрсөтүлүүдө. Пандемия башталганы Кыргыз Республикасында ага каршы күрөшүүгө USAID 7 миллион АКШ долларын бөлгөн.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#пандемия
#медициналыкжабдуу