Штаб КР по COVID-19
7.28K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
加入频道
🌡Вакциналарды сактоо үчүн муздаткыч жабдуу

Кыргызстан ЮНИСЕФ фондунан вакциналарды сактоо үчүн 150 фризер жана 50 комбинацияланган муздаткыч алды.

♻️Муздаткыч жабдууларды өткөрүп алуу аземи 2022-жылдын 23-мартында өттү. Иш-чарага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүм башчысы Айнура Акматова, ЮНИСЕФ билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн жетекчиси Томойа Сонода жана Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова катышты.

Жаңы жабдуулар вакциналарды коопсуз сактоону камсыздоо үчүн өлкө боюнча саламаттык сактоо уюмдарында орнотулат. Бул муздаткычтар ысык жана муздак температура режимин сактап турууга ылайыкташтырылган.

❇️А. Акматова ЮНИСЕФке берилген жабдуулар үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле КР ССМ коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү камсыздоо боюнча иштерди 2020-жылдан бери жүргүзүп жатканын жана республикага COVID-19га каршы сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз вакциналарды алып келүү үчүн өтө көп күч-аракет жумшалып жатканын белгиледи. Мындан тышкары жапырт эмдөө үчүн республика боюнча 800дөн ашуун убактылуу эмдөө пункттары түзүлгөн.

ЮНИСЕФ Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө COVAX демилгесинин алкагында коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоо, вакциналарды сактоо үчүн муздаткыч жабдууларды сатып берүү аркылуу колдоо көрсөтүүдө.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейниктин айтымында, ЮНИСЕФ вакциналар менен өз убагында жана коопсуз камсыздоодо Кыргызстандын Өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчи. Ал эми жаңы жабдуулар КР ССМдин вакциналарды тиешелүү башкарууну камсыздоо жана калкты иммундоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

❗️Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын башында Вакциналар жана иммундоо боюнча глобалдык альянстын «Муздаткыч чынжырчасынын жабдууларын оптималдаштыруу платформасы» долбоорунун алкагында өлкөгө 46 фризер жана 35 комбинацияланган муздаткыч келген, алар бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүштүрүү планына ылайык жеткирилген.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#вакцинанысактоо
#эмдөөдөнөтүңүз
Данные по COVID-19 в Кыргызстане на 25 марта 2022г.:

🦠 Зарегистрировано 10 новых случаев COVID-19:
⚡️Бишкек – 6
⚡️Ош - 0
⚡️Чуйская область – 4
⚡️Ошская область - 0
⚡️Таласская область - 0
⚡️Нарынская область - 0
⚡️Иссык-Кульская область – 0
⚡️Джалал-Абадская область – 0
⚡️Баткенская область - 0

За весь период – 200 857

Выздоровели за сутки 14 человек. Всего - 196 143.

◾️ Скончались - 1. Всего – 2983.

🏥 В стационарах на лечении находятся 88 и на амбулаторном 58 человек.

📊Подробная информация на сайте Минздрава 🌐med.kg


🇰🇬COVID-19: Республиканский штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#вакцинанысактоо
#эмдөөдөнөтүңүз
2022-жылдын 25-март карата Кыргызстандагы COVID-19 боюнча маалымат:

🦠 COVID-19дун жаңы 10 учуру катталды:
⚡️Бишкек - 6
⚡️Ош шаары - 0
⚡️Чүй облусу – 4
⚡️Ош облусу – 0
⚡️Талас облусу - 0
⚡️Нарын облусу - 0
⚡️Ысык-Көл облусу – 0
⚡️Жалал-Абад облусу – 0
⚡️Баткен облусу - 0

Жалпы - 200 857

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 14 адам. Жалпы - 196 143.

◾️ Каза болгондор - 1. Жалпы - 2983.

🏥 Стационарда 88 жана амбулатордук түрдө 58 адам дарыланып жатат.

📊 Кененирээк маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жайгашкан 🌐med.kg


🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#вакцинанысактоо
#эмдөөдөнөтүңүз