Штаб КР по COVID-19
7.28K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
加入频道
📣 Европа жана АКШда коронавирустун «дельта» жана «омикрондун» мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталды ( The New York Times).

Жаңы варианттын генетикалык ырааттуулугу Францияда бейтаптан январда алынган үлгүдөн GISAID эл аралык маалымат базасында февралда аныкталган. Андан соң жаңы вариант вирустук геномдордун чечмелөөсүндө дээрлик элүү жолу (Дания, Германия, Нидерланды жана АКШда) кездешкен. Жаңы вариант январдан кеч эмес пайда болгон, бирок эч бир жерде оорунун кескин өсүшүнө алып келген эмес жана өтө эле сейрек кездешет.

⚪️Дельтакрондун түзүлүшү боюнча ал клеткаларга кирген ийнечелери бар белок – дээрлик «омикрондон», ал эми калганы — «дельтадан».

⚪️ Мүмкүн, антителолор үчүн ал "омикрон" сыяктуу көрүнөт, ошондуктан ооруп айыккандар жана эмдөө алгандар дагы эле коргоого ээ болушу керек.

Мындан тышкары, ийнечелери бар белоктун өзгөчөлүктөрүнөн улам жаңы вариант «омикрон» сыяктуу COVID-19дун татаалдашууларына салыштымалуу сейрек алып келет.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныРаботают
#ЭмдөөдөнӨтүңүз
#Сакта
Кургак учук менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болобу?

❇️Пандемия жана ага байланыштуу чаралар кургак учукка чалдыккандардын көрсөткүчү жогору өлкөлөрдө бул дартты аныктоо жана дарылоо кызматтарынын ишин олуттуу түрдө бузуп, бул КУнун катталган учурларынын санынын кооптондурган азаюусуна алып келди.

Кыргызстанда жыл сайын кургак учуктун 5600 ашуун учурлары катталат.

❗️Биздин мамлекет дүйнөдөгү кургак учуктун дарыга туруктуу түрлөрүнүн деңгээли эң жогору болгон отуз өлкөгө кирет.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, кургак учук сыяктуу аба аркылуу жугуучу респиратордук инфекциялардан жабыркаган адамдарда COVID-19 оор өтүү ыктымалдыгы жогору.

📈Акыркы маалыматтар коронавирус жана кургак учук менен ооруган адамдардын өлүмгө учуроо мүмкүндүгү кургак учукка гана кабылгандарга караганда жогору экенин көрсөтүүдө.

🦠COVID-19 менен күрөшүү үчүн кургак учукка чалдыккандар коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуулары зарыл. Бул үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу кажет.

Эмдөө алууга болбойт:

✔️ курч респиратордук ооруларга кабылганда;
✔️ вакцинанын компоненттерине аллергия болсо;
✔️ өнөкөт оорулар күчөп жатканда;
✔️ сезгенүү процесстери жана интоксикация белгилери айкын кургак учуктун активдүү фазасында.

📌Эгерде сизде жогоруда аталган каршы көрсөтмөлөр болсо, анда дарыланып, андан соң эмдөөдөн өтүү сунушталат.


🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#эмдөөдөнөтүңүз
#сакта
🌡Вакциналарды сактоо үчүн муздаткыч жабдуу

Кыргызстан ЮНИСЕФ фондунан вакциналарды сактоо үчүн 150 фризер жана 50 комбинацияланган муздаткыч алды.

♻️Муздаткыч жабдууларды өткөрүп алуу аземи 2022-жылдын 23-мартында өттү. Иш-чарага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүм башчысы Айнура Акматова, ЮНИСЕФ билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн жетекчиси Томойа Сонода жана Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова катышты.

Жаңы жабдуулар вакциналарды коопсуз сактоону камсыздоо үчүн өлкө боюнча саламаттык сактоо уюмдарында орнотулат. Бул муздаткычтар ысык жана муздак температура режимин сактап турууга ылайыкташтырылган.

❇️А. Акматова ЮНИСЕФке берилген жабдуулар үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле КР ССМ коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү камсыздоо боюнча иштерди 2020-жылдан бери жүргүзүп жатканын жана республикага COVID-19га каршы сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз вакциналарды алып келүү үчүн өтө көп күч-аракет жумшалып жатканын белгиледи. Мындан тышкары жапырт эмдөө үчүн республика боюнча 800дөн ашуун убактылуу эмдөө пункттары түзүлгөн.

ЮНИСЕФ Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө COVAX демилгесинин алкагында коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоо, вакциналарды сактоо үчүн муздаткыч жабдууларды сатып берүү аркылуу колдоо көрсөтүүдө.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейниктин айтымында, ЮНИСЕФ вакциналар менен өз убагында жана коопсуз камсыздоодо Кыргызстандын Өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчи. Ал эми жаңы жабдуулар КР ССМдин вакциналарды тиешелүү башкарууну камсыздоо жана калкты иммундоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

❗️Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын башында Вакциналар жана иммундоо боюнча глобалдык альянстын «Муздаткыч чынжырчасынын жабдууларын оптималдаштыруу платформасы» долбоорунун алкагында өлкөгө 46 фризер жана 35 комбинацияланган муздаткыч келген, алар бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүштүрүү планына ылайык жеткирилген.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#вакцинанысактоо
#эмдөөдөнөтүңүз
Данные по COVID-19 в Кыргызстане на 25 марта 2022г.:

🦠 Зарегистрировано 10 новых случаев COVID-19:
⚡️Бишкек – 6
⚡️Ош - 0
⚡️Чуйская область – 4
⚡️Ошская область - 0
⚡️Таласская область - 0
⚡️Нарынская область - 0
⚡️Иссык-Кульская область – 0
⚡️Джалал-Абадская область – 0
⚡️Баткенская область - 0

За весь период – 200 857

Выздоровели за сутки 14 человек. Всего - 196 143.

◾️ Скончались - 1. Всего – 2983.

🏥 В стационарах на лечении находятся 88 и на амбулаторном 58 человек.

📊Подробная информация на сайте Минздрава 🌐med.kg


🇰🇬COVID-19: Республиканский штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#вакцинанысактоо
#эмдөөдөнөтүңүз
2022-жылдын 25-март карата Кыргызстандагы COVID-19 боюнча маалымат:

🦠 COVID-19дун жаңы 10 учуру катталды:
⚡️Бишкек - 6
⚡️Ош шаары - 0
⚡️Чүй облусу – 4
⚡️Ош облусу – 0
⚡️Талас облусу - 0
⚡️Нарын облусу - 0
⚡️Ысык-Көл облусу – 0
⚡️Жалал-Абад облусу – 0
⚡️Баткен облусу - 0

Жалпы - 200 857

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 14 адам. Жалпы - 196 143.

◾️ Каза болгондор - 1. Жалпы - 2983.

🏥 Стационарда 88 жана амбулатордук түрдө 58 адам дарыланып жатат.

📊 Кененирээк маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жайгашкан 🌐med.kg


🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#вакцинанысактоо
#эмдөөдөнөтүңүз
🦠COVID-19дан каза тапкандардын 65% жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандар

📊Кыргызстанда 2021-жылы COVID-19ду жуктуруунун 103 592 учуру катталган. 1446 адам каза таап, алардын жарымында коронавирус лабораториялык түрдө, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык негизде, б.а. белгилери жана илдетти жугузгандар менен байланышта болушу боюнча аныкталган.

📌Жаш курагы боюнча

Саламаттыкты сактоо министрлигинин талдоосуна ылайык, республика боюнча адам өлүмүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнөн жогору болгон адам өлүмүнүн эң жогорку деңгээли 60тан өйдө жана 90 жаштан жогору курактагы улгайган адамдар арасында катталган.

Адам өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү 0-6 жаштагы балдар арасында белгиленген. Бирок 7-17 жаш курагындагыларга салыштырмалуу COVID-19ду жуктуруунун натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана эмчектеги балдар арасында өлүм учурлары расмий түрдө катталган.

📌Жынысы боюнча

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын көпчүлүгү 60-69 жаштагы эркектер арасында катталган.

📌Аймактар боюнча

Адам өлүмү, ошондой эле коронавирусту жуктуруу учурлары көбүнесе Бишкекте катталган. Борбор калаада 2021-жылы бул илдеттен 868 адам көз жумган. Бирок 100 миң адамга алып эсептегенде адам өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында белгиленип, республикалык көрсөткүчтөн 1,75; 1,5 жана 1,2 эсе ашык болгон.

📌Себептери

Кеч кайрылуу

- бардык катталган учурлардын 45% адамдар оору башталган соң 5 күндөн кийин кайрылышкан.

Өнөкөт оорулардын болушу

- бейтаптын жаш курагы канчалык жогору болсо, өнөкөт оорулар ошончолук көп болот.
60 жаштан жогору адамдарда 4 жана андан ашык ар түрдүү өнөкөт оорулары болот. Мисалы, жүрөк-кан тамыр оорулары, шишиктер, эндокриндик системанын оорулары (кант диабети, семирүү), дем алуу жана тамак сиңирүү системаларынын оорулары, бул коронавирус инфекциясынын оор өтүшүнө жана ар кандай татаалдашууларга алып келет.

Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун арасында эң көп кездешкен үч өнөкөт оору:

1⃣ Жүрөк-кан тамыр оорулары (каза болгондордун 65%)
2⃣ Боор оорулары (20%)
3⃣ Кант диабети (15%)

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#коронавирус
#өнөкөтоору
#жүрөкоору
#кантдиабети
#эмдөөдөнөтүңүз