КР Президенти
7.41K subscribers
20.1K photos
834 videos
95 files
3.49K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
加入频道
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясын ачты

**

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров открыл Национальную футбольную академию Кыргызского футбольного союза
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Татарстан Республикасына жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстан Республикасына (Казань шаары) жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев.

Эскерте кетсек, алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

*


Президент Садыр Жапаров вылетел с рабочим визитом в Республику Татарстан

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 23 октября, с рабочим визитом вылетел в Республику Татарстан (г.Казань) для участия в заседании глав государств XVI саммита БРИКС.

В составе официальной делегации Кыргызской Республики:

- заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;

- министр иностранных дел Жээнбек Кулубаев;

- Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в Российской Федерации Кубанычбек Боконтаев;

Напомним, что в ходе предстоящего саммита будут приняты важные решения, направленные на укрепление многосторонности, интеграции новых членов объединения.
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификацияланды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 1-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга жана Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун укуктук негиздери такталып, бул Евразиялык топтун бюджетин түзүү булактарын кеңейтүү жолу менен бюджетти түзүү жана аткаруу тартиби бекитилген.

Ушул Мыйзам менен бекитилген протоколдо кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) иш-аракет чөйрөсү такталат, максаттары жана милдеттери оңдолот.

Ал эми ЕАТ бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жободо бул евразиялык тобунун бюджетин түзүү булактары (ыктыярдуу төгүмдөр, ошондой эле башка кирешелер) кеңейтилет.

Протоколду ишке ашыруу кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
*************
Ратифицирован Протокол о внесении изменений в Соглашение о Евразийской группе по противодействию легализации преступных доходов и финансированию терроризма


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Протокола о внесении изменений в Соглашение о Евразийской группе по противодействию легализации преступных доходов и финансированию терроризма и Положение о порядке формирования и исполнения бюджета Евразийской группы по противодействию легализации преступных доходов и финансированию терроризма, подписанного от 1 июня 2022 года в городе Ташкент».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 25 сентября 2024 года.

Принятым Законом предусматривается расширение правовых основ Евразийской группы по противодействию легализации преступных доходов и финансированию терроризма, порядок формирования и исполнения бюджета, путем расширения источников формирования бюджета данной ЕАГ.

Протоколом о внесении изменений в Соглашение о Евразийской группе по противодействию легализации преступных доходов и финансированию терроризма уточняется сфера действия, корректируются цели и задачи ЕАГ по противодействию легализации преступных доходов и финансированию терроризма.

В Положении о порядке формирования и исполнения бюджета расширяются источники формирования бюджета данной ЕАГ (добровольные взносы, а также прочие доходы).

При этом реализация Протокола будет способствовать повышению уровня противодействия легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем, финансированию терроризма и распространения оружия массового поражения.

Закон вступает в силу по истечении десяти дней со дня официального опубликования.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казань шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, иш сапары менен Казань шаарына (Татарстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Татарстан Республикасынын Раиси - Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто БРИКСке мүчө-мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Садыр Жапаров менен учурашып, улуттук сый тамактарды тартуулашты.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

****

Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Казань

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 23 октября, прибыл с рабочим визитом в г. Казань (Республика Татарстан).

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту имени Г.Тукая.

Президента Садыра Жапарова встретил Раис Республики Татарстан - Минниханов Рустам и другие официальные лица.

В аэропорту были вывешены флаги государств-членов БРИКС, расстелена ковровая дорожка, выстроен почетный караул. Девушки в национальных костюмах, приветствуя Садыра Жапарова, преподнесли национальные угощения.

Напомним, что в рамках визита Садыр Жапаров примет участие в заседании глав государств XVI саммита БРИКС.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казань шаарына келди

**

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Казань
Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары бейформал шартта жолугушууга катышуу үчүн залга өтүштү.

Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

********

Президент Садыр Жапаров прибыл в международный выставочный центр «Казань Экспо» для участия в церемонии официальной встречи с Президентом России Владимиром Путиным

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 23 октября, прибыл в международный выставочный центр «Казань Экспо» для участия в церемонии официальной встречи с Президентом Российской Федерации Владимиром Путиным.

После завершения церемонии официальной встречи, главы делегаций перешли в зал для участия во встрече в неформальной обстановке.

Напомним, что в рамках рабочего визита Садыр Жапаров примет участие в заседании глав государств XVI саммита БРИКС.