Штаб КР по COVID-19
7.28K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
加入频道
Коронавирус 6-12 жаштагы балдарда кандай өтөт?

Бул курактагы балдарда COVID-19 адатта типтүү курч респиратордук вирустуу инфекция катары жүрөт. Эң кеңири тараган белгилери: тамактын оорушу, мурундун агышы, жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү (38°Сге чейин). Кээде дененин оорушу, булчуңдардын оорушу жана майда жарааттар кездешет.

Балдарды илдеттен коргоонун кандай чаралары бар?

Эң негизгиси – гигиена эрежелерин сактоо керек.
Балдарга чүчкүргөндө же жөтөлгөндө колун тез-тез жууп, оозун жабууну эскертип туруу керек. Коомдук жайларда 5-6 жаштан жогору балдар былжыр челге вирус жукпаш үчүн беткап тагынса болот.

Балдарда коронавирусту кантип дарылоо керек?

Эгерде оорунун белгилери байкалса, биринчи кезекте өзүңүз жашаган аймактагы педиатрга же үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

Эгерде баланын абалы начарлап кетсе, шашылыш 103 телефонуна чалыңыз. Тез жардам кызматы күнү-түнү иштейт.

Балдардагы коронавирустук инфекциянын жеңил түрүн дарылоо башка курч респиратордук вирустуу инфекцияны дарылоодон эч айырмаланбайт.

* Илдеттин жеңил түрүндө оорулуу балага жылуу суусундукту көп берүү керек. Бул вирустук интоксикацияны, ысытманы тез басууга, ошондой эле жөтөлдү жана ангинаны басаңдатууга мүмкүндүк берет.

Көпчүлүк учурларда, COVID-19 менен ооруган бала эс алууга (гаджетсиз) жана жылуу суюктукту көп ичүүгө муктаж.

Дары-дармектерди дарыгер белгилегендей гана колдонуңуз.
Көпчүлүк учурларда дары-дармектер талап кылынбайт, анткени COVID-19 көбүнчө балдарда жеңил өтөт.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.

Оорунун алдын алуунун бирден бир жолу – ЭМДӨӨ.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
Как проявляется коронавирус у детей 6-12 лет?

У детей этой возрастной категории COVID-19 обычно протекает как типичная ОРВИ. Среди симптомов чаще всего встречаются боль в горле, насморк, кашель и повышенная температура тела (до 38°С). Значительно реже бывает ломота в теле, боли в мышцах и сыпь.

Какие меры защиты для ребенка?

Самое главное — соблюдать правила гигиены.
Нужно чаще напоминать детям о том, что необходимо мыть руки, а при чихании и кашле закрывать рот. В общественных местах дети старшего возраста, с 5-6 лет могут носить маски, чтобы избежать попадания вируса на слизистую.

Как лечить коронавирус у детей?

При возникновении симптомов заболевания в первую очередь свяжитесь со своим педиатром или семейным врачом по месту жительства.
При ухудшении состояния ребенка срочно звоните по номеру 103. Скорая медицинская помощь работает круглосуточно.

Терапия при легкой форме коронавирусной инфекции у детей ничем не отличается от лечения любых других ОРВИ.
*При легких формах заболевания больному ребенку нужно обеспечить обильное теплое питье. Это позволит быстрее снять вирусную интоксикацию, жар, а также смягчить кашель и боль в горле.

В большинстве случаев ребенку с COVID-19 нужен покой (без гаждетов) и обильное теплое питье.

Применять лекарства только по назначению врача.
Учтите, что лекарства в большинстве случаев не нужны, поскольку у детей COVID-19 протекает преимущественно в легкой форме.

Защити себя и родных от тяжёлых последствий.

Единственный способ предотвращения заболевания - это ВАКЦИНАЦИЯ.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
Өспүрүмдөрдөгү COVID-19

• 12 жаштан жогорку балдарда коронавирустун белгилери чоңдордогудай эле. Бул кургак жөтөл, ангина, мурундун агышы, баш оору жана башка ковид белгилери:
• 37,5-38°C чейинки дене табы;
• мурундан суу агуу;
• тамак оору;
• жөтөл;
• баш оору.

Оорунун башка дагы белгилери болушу мүмкүн:
• булчуң оорусу;
• чарчоо
• алсыздык;
• кээде тамак сиңирүү начарлайт.

Омикрон менен коронавирустук инфекциянын мурунку варианттарына мүнөздүү жыт жана даамды жоготуу өтө сейрек кездешет.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.

Оорунун алдын алуунун бирден бир жолу – ЭМДӨӨ.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
COVID-19 у подростков.

• Симптомы коронавируса у детей старше 12 лет практически не отличаются от таковых у взрослых. Это сухой кашель, боль в горле, насморк, головная боль и другие симптомы ковида, как:
• температура до 37,5-38°C;
• насморк;
• боль, першение в горле;
• кашель;
• головная боль.

У болезни могут быть и другие признаки:
• мышечные боли;
• утомляемость
• слабость;
• иногда расстройство пищеварения.

Характерная для предыдущих вариантов коронавирусной инфекции потеря обоняния и вкуса при омикроне встречается очень редко.

Защити себя и родных от тяжёлых последствий.

Единственный способ предотвращения заболевания - это ВАКЦИНАЦИЯ.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
ВАКЦИНА АЛЫП ӨМҮРҮҢҮЗДҮ САКТАҢЫЗ!
ВОЗ призвала принять меры из-за новой волны коронавируса в Европе

Из-за омикрон-штамма в странах Европы снова началась волна заболеваемости коронавирусом, заявил глава Европейского бюро Всемирной организации здравоохранения (ВОЗ) Ханс Клюге. Он призвал европейские страны Европы нарастить вакцинацию населения, а также снова вернуться к ношению масок.


По данным ВОЗ, доминирующим все еще является омикрон-штамм коронавируса. За последние 6 недель число новых случаев заражения COVID-19 в Европейском регионе выросло в 3 раза, уровень госпитализаций за тот же период увеличился вдвое. В организации отмечают, что продолжает расти число больных среди пожилых людей и в Европе каждую неделю от COVID-19 умирает около 3 тыс. человек.

На этом фоне ВОЗ решила представить осенне-зимнюю стратегию по COVID-19. Как отметил Клюге, если начать действовать осенью, может быть слишком поздно. В числе предложений организации:

- увеличение охвата населения вакцинацией;

- введение второй бустерной дозы вакцины лицам с ослабленным иммунитетом с 5 лет и старше, а также отдельным людям в группах риска через три месяца после их последней дозы вакцины;

- стимулировать ношение масок в помещении и в общественном транспорте;

- проветривать многолюдные и общественные места (школы, офисы, общественный транспорт);

- задействовать «строгие терапевтические протоколы» для тех, кто подвержен риску тяжелого течения заболевания.

Защити себя и родных от тяжёлых последствий.

Единственный способ предотвращения заболевания - это ВАКЦИНАЦИЯ.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
ДССУ Европадагы коронавирустун жаңы толкунуна байланыштуу чара көрүүгө үндөдү

Омикрон штаммынан улам Европада коронавируска чалдыгуу толкуну кайрадан башталды, деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Европа бюросунун башчысы Ханс Клюге. Ал Европа өлкөлөрүн калкты эмдөөнү көбөйтүүгө, ошондой эле кайрадан беткап тагынууга кайтууга чакырды.

ДССУнун маалыматы боюнча, коронавирустун омикрон штамы дагы эле үстөмдүк кылууда. Акыркы 6 жуманын ичинде Европа аймагында COVID-19дун жаңы учурларынын саны үч эсеге көбөйдү жана ошол эле мезгилде ооруканага жаткырылгандардын саны эки эсеге өстү. Уюм улгайган адамдардын арасында бейтаптардын саны өсүп жана Европада жума сайын 3 миңге жакын адам COVID-19дан каза болуп жатканын белгилейт.

Бул өңүттө ДССУ COVID-19 үчүн күз-кыш стратегиясын сунуштоону чечти. Клюге белгилегендей, эгерде күзүндө аракет башталса, анда өтө кеч болуп калышы мүмкүн. Уюмдун сунуштары төмөнкүлөрдү камтыйт:

- калктын эмдөө менен камтылышын жогорулатуу;

- вакцинанын акыркы дозасын алгандан үч айдан кийин 5 жаштан жогорку курактагы иммунитети төмөндөп кеткен жана коркунуч тобундагы адамдарга экинчи жогорулатуучу дозаны саюу;

- имараттын ичинде жана коомдук транспортто беткап тагынууну өбөлгөлөө;

- эл көп чогулган жана коомдук жайларды (мектептерди, кеңселерди, коомдук унааны) желдетүү;

- Оорунун оор түрүнө чалдыккандар үчүн "катуу терапиялык протоколдорду" иштетүү.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.

Оорунун алдын алуунун бирден бир жолу – ЭМДӨӨ.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
«Кентавр» - новый подвид штамма коронавируса «Омикрон».
Что о нем известно?

В мире распространяется новый подвид штамма коронавируса омикрон - «Кентавр». Что о нем известно, какие симптомы могут на него указать, и как оценивают угрозу его передачи ученые.

Мутация SARS-CoV2, получившая в народе название «Кентавр», обозначается учеными как BA.2.75. Впервые ее выявили в Индии, но вирус быстро перекинулся на другие страны — Великобританию, США, Австралию, Германию, Канаду, а теперь Россия.

Эта вариация COVID-19 отличается невысокой смертностью.
Что думают ученые?

В Европейском центре профилактики и контроля заболеваний (ECDC) подштамм «Кентавр» обозначают как находящийся под наблюдением. Это значит, что делать поспешные выводы о рисках распространения и опасности вируса ученые не спешат. Между тем, его уже называют «темной лошадкой» пандемии коронавируса.

Чем отличается «Кентавр» от других видов омикрона?

Мутацией в генетическом коде шиповидного белка вируса, т.е. в тех областях, которые атакуют антитела. Ученые предполагают, что это дает вирусу более активно передаваться между носителями.

По мнению вирусолога Имперского колледжа Лондона Тома Пикока, который одним из первых усмотрел опасность в «Омикроне», подвиды этого штамма уже показали, что организм способен «уклоняться от антител». Это значит, что нужно совершенствовать не вакцины, добавляя в них защиту от новых штаммов, а другие меры защиты. В частности, по его мнению, нужно создавать такие среды, где вирус просто не сможет передаваться — за счет стерилизации воздуха, вентиляции и фильтрации.
Симптомы «Кентавра»

Признаки заболевания те же, что и у предшественников:
*температура
* слабость организма
* боль мышечная и головная
* боли в животе
* обоняние остается невредимым
* чаще страдают верхние дыхательные пути, но пневмония развивается гораздо реже.

Прогнозы относительно опасности «Кентавра»

Ученые предупреждают, что пока делать выводы рано. Есть шанс, что у «Омикрона» будет бесчисленное множество мутаций, и BA.2.75 не станет уникальной и самой опасной. Определенное беспокойство из-за появления этой разновидности ученые испытывают, но призывают людей не сходить с ума.

Единственный способ предотвращения заболевания - это ВАКЦИНАЦИЯ.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
«Кентавр» - коронавирустун «Омикрон» штаммынын жаңы түрү
Ал тууралуу эмне белгилүү?

Дүйнөдө коронавирустун «Омикрон» штаммынын жаңы түрү «Кентавр» жайылууда. Бул жөнүндө эмне белгилүү, кандай белгилери бар жана окумуштуулар анын жугуу коркунучун кантип баалашууда.

Калк арасында «Кентавр» деп аталып калган SARS-CoV2 мутациясы окумуштуулар тарабынан BA.2.75 катары белгиленет. Алгачкы ирет аны Индияда аныкташкан, бирок вирус башка өлкөлөргө - Улуу Британия, АКШ, Австралия, Германия, Канадага жана азыр Россияга тез өтүп кетти.

COVID-19дун бул варианты адам өлүмү учурларынын төмөндүгү менен айырмаланат.

Окумуштуулар кандай ойдо?

Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Европа борборунда (ECDC) «Кентавр» штаммчасы көзөмөл астында турган катары белгиленген. Бул илимпоздор вирустун жайылуу коркунучу жана кооптуулугу жөнүндө шашылыш тыянак чыгарууга шашылбай турганын билдирет. Ошол эле учурда, ал буга чейин коронавирустук пандемиянын «кара аты» деп аталып калган.

«Кентавр» омикрондун башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат?

Вирустун генетикалык кодундагы, б.а. антителолордун чабуулуна кабылган аймактардагы мутация менен айырмаланат. Окумуштуулар бул вирустун алып жүрүүчүлөр арасында активдүүрөөк жугушун шарттайт деп болжолдошууда.

«Омикрондогу» коркунучту биринчилерден болуп көргөн Лондон Императордук Колледжинин вирусологу Том Пикоктун айтымында, бул штаммдын түрчөлөрү организм "антителолордон качууга" жөндөмдүү экенин көрсөткөн. Бул жаңы штаммдарга каршы коргоону кошуу менен вакциналарды эмес, башка коргоо чаралары жакшыртуу керектигин билдирет. Тактап айтканда, анын пикири боюнча, абаны стерилизациялоо, желдетүү жана чыпкалоонун эсебинен вирус жөн эле жугуусу мүмкүн болбогон чөйрөлөрдү түзүү керек.

«Кентаврдын» белгилери

Оорунун белгилери мурдагыларга окшош:
* дене табынын жогорулашы
* дененин алсыздыгы
* булчуңдардын оорушу жана баш оору
* ашказандын оорушу
* жыт сезүү бузулбайт
* жогорку дем алуу жолдору көбүрөөк жабыркайт, бирок пневмония сейрек өнүгөт.

«Кентаврдын» кооптуулугуна карата божомолдор

Окумуштуулар жыйынтык чыгарууга али эрте экенин эскертишүүдө. «Омикрондо» сансыз мутацияларга ээ болуу жана BA.2.75 эң уникалдуу жана коркунучтуу болбой калуу мүмкүнчүлүгү бар. Окумуштуулар бул түрдүн пайда болушуна байланыштуу кандайдыр бир кооптонууну баштан кечирип жатышат, бирок адамдарды дүрбөлөң түшпөөгө үндөшүүдө.

Оорунун алдын алуунун бирден бир жолу – ЭМДӨӨ.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
Как дети переносят коронавирус?

Дети легче взрослых переносят коронавирусную инфекцию. Но это не значит, что у детей не бывает тяжелых форм болезни (например, детский мультисистемный воспалительный синдром (ДМВС или цитокиновый шторм) или летальных исходов.
Все это присутствует, но на порядки реже, чем у взрослых.

В подавляющем большинстве случаев самочувствие детей при заражении коронавирусом остается удовлетворительным.

Почему дети легче переносят COVID-19?

До сих пор не до конца понятно, по этому поводу выдвигается несколько теорий:
• У детей меньше АСЕ2-рецепторов. В органах дыхания у ребенка меньше АСЕ2-рецепторов, с которыми связывается коронавирус для инфицирования клеток.
• У детей меньше отягчающих факторов.
У них почти нет хронических заболеваний, при которых COVID-19 может протекать в тяжелой форме.
• Перекрестный иммунитет.

Дети чаще взрослых болеют простудами, которые могут быть вызваны и другими (более безопасными) видами коронавирусов. Возможно, сформировавшийся недавно иммунитет против «простудных» вирусов лучше справляется и с новым коронавирусом.

Единственный способ предотвращения заболевания - это ВАКЦИНАЦИЯ.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
Балдар коронавирусту кантип көтөрүшөт?

Балдар коронавирус инфекциясын жеңил өткөрүшөт. Бирок бул балдарда оорунун оор түрлөрү (мисалы, балдардын мультисистемалык сезгенүү белгилери (БМСБ же цитокиндик бороон) же өлүм учурлары
болбойт дегенди билдирбейт. Мунун баары кездешет, бирок чоңдорго караганда сейрек.


Коронавирусту жугузганда көпчүлүк учурда балдардын абалы канааттандырарлык болот.


Эмне үчүн балдар COVID-19ду жеңил өткөрүшөт?

Бул азыркыга чейин толук түшүнүксүз, ошондуктан бир нече теория бар:

• Балдарда АСЕ2-рецепторлор аз. Баланын дем алуу органдарында клеткаларга жугуу үчүн коронавирус байланышкан АСЕ2-рецепторлор аз.
• Балдарда оордоштуруучу факторлор аз. Аларда кесепетинен COVID-19 оор формада өтүшү мүмкүн болгон өнөкөт оорулар дээрлик жок.
• Кайчылаш иммунитет.

Балдар чоңдорго караганда сасык тумоого көп чалдыгышат, бул коронавирустун башка түрлөрүнөн да (кыйла коопсуз) пайда болушу мүмкүн. Балким, жакында "сасык тумоо" вирустарына пайда болгон иммунитет жаңы коронавируска жакшы туруштук берет.

Оорунун алдын алуунун бирден бир жолу – ЭМДӨӨ.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
Баласы коронавирус менен ооруп калган ата-эне эмне кылышы керек?

Чоңдор ооруп калганда жасаган аракеттерди көрүү керек. Биринчи кезекте педиатрга же үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, аларга оорунун бардык белгилерин айтып берүү зарыл.

Дарыгер баланын учурдагы белгилери (алар начарлап жатабы?), мүмкүн болгон байланыштар жана дарыгерге керектүү сунуштарды берүүгө мүмкүндүк берген башка жагдайлар жөнүндө сурайт.

Бул илдеттин жеңил (же симптомсуз) түрү болсо, анда дарылоо үй шартында жүргүзүлөт. Ооруга кабылган балага жылуу суюктукту көп берүү керек. Бул вирустук интоксикацияны, ысытманы тез басууга, ошондой эле жөтөлдү жана ангинаны басаңдатууга мүмкүндүк берет.

Көпчүлүк учурда COVID-19га чалдыккан балага тынчтык жана суюктукту көп ичүү зарыл.

Дарыларды дарыгердин дайындоосу менен гана колдонуңуздар.

Көпчүлүк учурларда дары-дармек талап кылынбайт, анткени COVID-19 балдарда көбүнчө жеңил өтөт.

Үй режимин сактоо жана көп суу ичүү жетиштүү.

Эгерде баланын абалы начарлап кетсе, токтоосуз түрдө 103 телефонуна чалыңыз. Тез жардам кызматы күнү-түнү иштейт.


Баланы сөзсүз түрдө бала бакчага алып барууга болбойт, ал тургай, мурдунан бир аз суу агып жана жөтөл байкалса, дене табы жоктой сезилип, бирок бала алсыз жана уйкулуу болгон шартта дагы. Башка балдарга да жугузуусу мүмкүн.

Эскерте кетсек, балдарга COVID-19 инфекциясын жугузуучулар катары эмделбеген ата-энелер, туугандары жана жакындары саналат. Ошондой эле ковид менен ооруган бейтаптар, анын ичинде илдеттин белгилери билинбеген адамдар.

Оорудан сактануу чараларын карманыңыздар!

Балдарыңыздарды коргоо үчүн мүмкүн болсо COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүңүздөр!


🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
Что делать родителям, если ребенок заболел коронавирусом?

Делать нужно все то же самое, что и в случае заражения взрослого человека. В первую очередь необходимо связаться со своим педиатром или семейным врачом и рассказать все симптомы.

Врач спросит о текущих симптомах у ребенка (ухудшаются ли они?), возможных контактах и других обстоятельствах, которые позволят доктору дать нужные рекомендации.

Если это легкая (или бессимптомная) форма заболевания, то лечение проводится на дому. Больному ребенку нужно обеспечить обильное теплое питье. Это позволит быстрее снять вирусную интоксикацию, жар, а также смягчить кашель и боль в горле.

В большинстве случаев ребенку с COVID-19 нужен покой и обильное теплое питье.

Применять лекарства только по назначению врача.

Учтите, что лекарства в большинстве случаев не нужны, поскольку у детей COVID-19 протекает преимущественно в легкой форме.

Достаточно соблюдения домашнего режима и обильного питья.

При ухудшении состояния ребенка срочно звоните по номеру 103. Скорая медицинская помощь работает круглосуточно.

Ребенка однозначно нельзя вести в ясли, в садик если наблюдаются даже незначительные сопли и кашель, температуры вроде бы нет, но ребенок вялый и сонный. Он может заразить других детей.

Напоминаем, что источником заражения COVID-19 детей чаще всего являются не вакцинированные родители, родные и близкие. А также больные ковидом, в том числе с бессимптомной клиникой.

Соблюдайте меры защиты!
При возможности вакцинируйтесь от COVID-19, что бы уберечь своих детей!

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид